Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жогорку Кеңештин комитети Мелис Тургунбаевдин министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

16.03.2023 14:13
126
Жогорку Кеңештин комитети Мелис Тургунбаевдин министрлик кызматка дайындоого макулдук берди


Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна сунушталган Мелис Тургунбаевдин талапкерлигине макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйында талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.


Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова дүйнө жүзүндө экология маселеси негизги көйгөй болуп жатканын белгилеп, андыктан аталган тармакка өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Муну менен катар министрликке сунушталган талапкер көрсөтүлгөн ишенимди актайт деп үмүттөнөрүн билдирди. Ал эми комитеттин төрагасынын орун басары Замирбек Мамасадыков жер казынасын пайдалануу жана кендерди иштетүүгө лицензия берүү жаатындагы чечилбеген көйгөйлөр көп экенине токтолду.


Жыйынтыгында тармактык комитет сунушталган талапкердин дайындалышына макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн