Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш боюнча комитети депутат Жаныбек Абировдун маселесин жабык эшик артында карап жатат.
Маалыматка ылайык, 14-мартта Жогорку Кеңешке парламенттин депутаты Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунуштамасы түшкөн.
Сунуштама боюнча башкы прокурордун орун басары суроолорго жооп берүү үчүн келген.
Эске салсак, 12-мартта депутат Жаныбек Абиров ресторандардын биринде күзөтчү болуп иштеген кызматкерди сабаганы жөнүндө видео тарап кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн