Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин комитети энергетика тармагына 50 млн доллар кредит алууну колдоду

13.03.2023 16:58
243
Жогорку Кеңештин комитети энергетика тармагына 50 млн доллар кредит алууну колдоду


Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 млн АКШ доллары суммасында каржыланган "Электр энергииялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган.


Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Т.Ибраев каржылоонун алдын ала шарттары тууралуу маалымат берди: “Кредит берүү мөөнөтү-38 жыл, жеңилдетилген мөөнөт -6 жыл; кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен-жылдык 0,75%; резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы - жылдык 0,5%”, - деди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн