Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңештин комитети санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду

18.01.2022 11:40
937
Жогорку Кеңештин комитети санариптик өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына Талантбек Имановдун талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна сунушталган Талант Иманов талапкерлигин карап, колдоду.


Алгач сунушталган талапкер тууралуу маалымат менен президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштеген органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, мекемелелер аралык электрондук өз ара байланыш системасын жакшыртуу, аймактардагы калкты тейлөө борборлорунун ишин алдыга жылдыруу багытындагы ойлору менен бөлүшүштү.


Айтылган маселелерден кийин сунушталган Талант Имановдун талапкерлиги колдоого алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн