Бугу 22, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Шакиев Бакиев менен мамилеси тууралуу айтып берди

05.10.2022 15:16
608
Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Шакиев Бакиев менен мамилеси тууралуу айтып берди


Депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин спикерлигине атаандашсыз талапкер болуп калды.


Ал парламент коллегиалдуу орган экенин жана ал спикер катары мыйзамдын жана регламенттин алкагында иш алып барууга ниеттенип жатканын билдирди.


Депутат Дастан Бекешев талапкерден бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай карай турганын сурады. Ал түшүндүргөндөй, 2019-жылы Шакиевге таандык NewTV телеканалы Курманбек Бакиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктаган.


«Аны куттукташты, жылуу тилектер айтылды. Ошондуктан Бакиев тууралуу сиздин пикириңизди сурайын дегем», - деди Дастан Бекешев.


Нурланбек Шакиев өлкөнүн бардык экс-президенттери тууралуу элдин пикирине кошула турганын айтты.


"Мен жаран катары бардык экс-президенттер тууралуу элдин пикирине кошулам. Менин оюм коомчулуктун пикиринен анча деле айырмаланбайт. Бул Бакиевге да тиешелүү. Албетте, мен эл мененмин”, - дейт Нурланбек Шакиев.


Эске салсак, Нурланбек Шакиев президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болгон. 2019-жылы NewTV каналы Курманбек Бакиевдин ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөткөн. Андан кийин Нурланбек Шакиев маалымат каражаттарын жетектеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн