Кулжа 13, 2025
Убакыт: 13:27
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Жогорку Кеңештин төрагасы Астанада ТүркПА Кеңешинин жыйынына катышты

12.06.2025 12:21
43
Жогорку Кеңештин төрагасы Астанада ТүркПА Кеңешинин жыйынына катышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Астана шаарында уюштурулган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.


Өткөрүлүп жаткан жыйын өз ара кызматташтыкты бекемдөө, жалпы кызыкчылыктарды талкуулоо жана мындан аркы өнөктөштүктүн багыттарын аныктоо үчүн өтө маанилүү аянтча экенин белгилеген төрага Нурланбек Тургунбек уулу: “Биз биргеликте түрк дүйнөсүнүн орчундуу маселелерин ортого салып, келечекке багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алуубуз кажет”, - деди.


Ошондой эле боордош калктарды терең тамырлашкан бир туугандык мамиле, маданий жана тилдик окшоштуктар байланыштырып турарын эске салган Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Ушундай орток баалуулуктарга таянып, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы. Кыргызстан ТүркПАнын негиздөөчүлөрүнүн бири катары дайыма бул уюмдун ишмердүүлүгүнө жигердүү катышып келет. Биз тектеш мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы натыйжалуу диалогдун болушун колдойбуз жана мыйзам чыгаруу жаатында тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз”, - деп кошумчалады.


Муну менен катар азыркы геосаясий абал туруксуз болуп жаткан шартта, парламенттик дипломатиянын ролу мурдагыдан да жогорулап баратканын белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: “Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү олуттуу глобалдык коркунучтарга туш болууда. Алардын катарына климаттын өзгөрүшү, санариптик коопсуздук маселелери, терроризм, суу жана азык-түлүк тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөр бар. Бул көйгөйлөрдү эч бир мамлекет жалгыз өзү чече албайт. Аларга каршы туруу эл аралык кызматташтыкты, ишенимди жана жоопкерчиликти талап кылат. Андыктан, калктарыбыздын келечеги, мамлекеттерибиздин тынчтыгы жана өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик алып, аталган жаатта тыгыз иш алып баруубуз кажет”,- деген пикирин айтты.  


Мындан тышкары, билим берүү, маданият, жаштар саясаты, аймактар аралык кызматташуу, санариптик өнүгүү жана экология маселелери артыкчылыкка ээ экенин билдирген төрага: “Айрыкча ТүркПАнын алкагында жаштар үчүн биргелешкен платформаларды түзүү, жаш лидерлердин форумдарын өткөрүү келечегибиз үчүн өтө маанилүү”, - деди.


Сөзүнүн аягында Кыргызстан ТүркПАнын мындан аркы ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, анын эл аралык аброюн жогорулатууга жана түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө өз салымын кошууга дайым даяр экендигин айткан Нурланбек Тургунбек уулу Кеңештин мүчөлөрүн көтөрүлгөн маселелер боюнча биргелешип иш алып барууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн