Теке 03, 2024
Убакыт: 12:07
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Жогорку Кеңештин төрагасы Кеминдеги сыр чыгарган цехтин иши менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Кеминдеги сыр чыгарган цехтин иши менен таанышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жумушчу сапары менен Кемин районуна барды.

Алгач Төрага Чоң-Кемин айыл аймагына караштуу Шабдан айылындагы «Юнайтед Фуд Альянс» жоопкерчилиги чектелген коомунун сыр чыгаруучу цехинин иши менен таанышты.

Алсак, аталган өндүрүштүк ишкана өткөн жылдын октябрында расмий ачылып, кыска убакыт аралыгында эле ийгиликтүү иштей баштаган. Суткасына 20 тонна сүттү иштетүүгө ылайыкташкан цехте кыркка жакын киши иштеп, андан тышкары он чакты адам айылдардан сүт чогултуп кызмат кылат. Учурда өлкө ичиндеги керектөөчүлөрдү сапаттуу сыр азыктары менен камсыздаган ишкана келечекте дагы кеңейтилип, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө экспорттоо планын койгон. Бирок тиешелүү тизмеге киргизүү маселеси турат.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда акыркы жылдары айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, анын ичинен дыйкан-фермерлерди колдоо жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү маселелери артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

"Эт жана сүт азыктарын кайрадан иштеп чыгуу менен өлкөбүздөгү азык-түлүк коопсуздугун гана камсыздабастан, жакынкы жана алыскы өлкөлөргө да экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул үчүн аймактарда ушундай ишканаларды ачып, таза экологиялык азыктарды өндүрүп чыгаруубуз кажет. Албетте, экспортко чыгуу үчүн өндүрүлгөн товардын көлөмү да көп болушу зарыл", – деди төрага.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев азыркы тапта сүт азыктарын чыгарган ишканалар арасында атаандаштык жогору экенине токтолду.

"Айрыкча сыр чыгаруу чоң эмгекти талап кылган жоопкерчиликтүү иш. Андыктан, мындай ишканаларга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтүшү кажет", – деген ал тиешелүү жетекчилерге аталган ишканадан өндүрүлгөн сыр азыктарын Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө экспортко чыгаруу үчүн керектүү жардамдарды көрсөтүүнү табыштады.

Ал эми Жогорку Кеңеш өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди жана долбоорлорду колдоп келе жатканын эске салып, депутаттар дайыма жардам берүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, төраганы депутат Эмиль Токтошев, экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев баштаган тиешелүү жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн