Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев отставкага кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кээ бир депутаттардын арасында анын мыйзамдуу шайланышы боюнча маселелер жаралган. Ошондуктан ал отставкага кетүүнү чечкен.
"Менин мындай чечимимди туура кабыл аласыңар деген ойдомун", - деди ал.
Учурда жыйынды вице-спикер Мирлан Бакиров алып барып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн