Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 09:35:46
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.065

Жогорку Кеңештин төрагасы Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышат

07.04.2025 09:34
161
Жогорку Кеңештин төрагасы Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышат


Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышуу үчүн Өзбекстандын борбор калаасына учуп кетти.


Парламенттен билдиришкендей, Ташкент шаарында өтө турган бул эл аралык иш-чаранын жүрүшүндө төрага Нурланбек Тургунбек уулу атайын баяндама жасайт. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.


Алсак, төраганы депутаттар Алтынбек Кылычбаев, Советбек Рустамбек уулу жана Айжигит Тыналиев коштоп кетти.


Эскерте кетсек, дүйнөдөгү 150гө жакын өлкөнүн парламенттери мүчөлүк кылган Парламенттер аралык бирлик 1889-жылы негизделген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн