Теке 31, 2025
Убакыт: 02:29
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.055
1.090

Жогорку Кеңештин төрагасы учак кырсыгына байланыштуу индиялык кесиптешине көңүл айтты

13.06.2025 15:38
160
Жогорку Кеңештин төрагасы учак кырсыгына байланыштуу индиялык кесиптешине көңүл айтты


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Индиянын парламентинин төрагасы Ом Бирлага Ахмедабад шаарында жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.


"Индиянын Ахмедабад шаарындагы учак кырсыгынан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан жалпы индия элине, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм. 


Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат Жогорку Кеңештин төрагасынын телеграммасында.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн