Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 21:53:27
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Жогорку Кеңештин төрагасы Өзбекстандын президенти менен жолукту

07.04.2025 17:22
82
Жогорку Кеңештин төрагасы Өзбекстандын президенти менен жолукту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.


Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууга Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын парламенттеринин жетекчилери да катышты.


Баарлашууда Борбор Азия чөлкөмүндөгү алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканы белгиленип, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болду.


Ошондой эле аймактагы беш өлкөнүн келечеги бири-бирине толук көз каранды экени айтылып, андыктан өнүгүүгө багытталган керектүү мыйзамдарды кабыл алууда депутаттардын тажрыйба алмашуусу зарыл экени кошумчаланды. 


Муну менен катар президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда өткөн Парламенттер аралык бирликтин жыйындарын колдоого алып, катышканы үчүн парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн