Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:43
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Сот Атамбаевге карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Ал 11 жылга эркинен ажыратылган

16.03.2022 09:23
1005
Жогорку Сот Атамбаевге карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Ал 11 жылга эркинен ажыратылган

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан буга чейинки сот өкүмүн Жогорку Сот күчүндө калтырды.


Аталган соттун маалымат кызматы Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевге карата чыккан өкүмдөр өзгөртүлгөнүн айтты.

"Иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Жолдубаевага жаза дайындалбай, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-пунктусунун ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде (1997-жылдагы редакциясында) күнөөлүү деп табылды", — деп жазылган билдирүүдө.


Биринчи май райондук сотунун сотко чейинки өндүрүш учурунда 2019-жылдын 26-августундагы Жолдубаеванын мүлкүн камакка алуу боюнча өкүмү жокко чыгарылганы айтылды. Маалыматта сот актыларынын калган бөлүгү өзгөртүүсүз калганын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн