Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жогорку Сот Дамир Мусакеевдин ишин кайра кароого жөнөттү

09.12.2020 16:36
508
Жогорку Сот Дамир Мусакеевдин ишин кайра кароого жөнөттү

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку сот Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы  Дамир Мусакеевге карата эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарды.


Кылмыш иши соттун башка курамы менен Свердлов райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.


Мусакеевге 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп, кезек күткөндөрдүн акыркы орундарында турган адамдарга, тактап айтканда, өзүнө жакын кызматкерлерге мыйзамсыз түрдө 15 кызматтык батирди бөлүштүрүп берген деген айып тагылган.


2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Мусакеевди 5 жылга эркинен ажыратып, мамлекеттик киреше катары 70 миң сом айып пул салган. 2019-жылы күзүндө Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.


Дамир Мусакеев Алмазбек Атамбаевдин бир нече жыл президенттик кызматында турган мезгилинде анын жеке жан сакчысы болгону менен белгилүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн