Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жогорку Сот Сапар Исаковду актайбы?

07.12.2020 14:03
816
Жогорку Сот Сапар Исаковду актайбы?

Жогорку сот тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов журналисттерге билдирди.


Анын айтымында, буга чейин экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Жогорку сотко апелляциялык арыз жазып, ишти жаңы соттук териштирүүгө жөнөтүүнү суранган. Адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылды.


Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту (биринчи инстанция) экс-премьер-министр Сапар Исаковду КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом төлөп бериши керек.


Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы Мира Карыбаева Жазык кодексиндеги 320-берене “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” негизинде күнөөлүү деп табылып, ага 260 миң сом айып салынган.


2018-жылдын июль айында Башкы прокуратура имаратты реконструкциялоого жана Мамлекеттик тарых музейине шаймандарды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон. Мамлекетке 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Иаа
Тец,музей жыгач аттар,600долларлык аттиштер учун жооп береби?