Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Сот Сокулукта эки жашар бөбөктү сабаган кишини абактан бошотту

13.06.2023 19:04
372
Жогорку Сот Сокулукта эки жашар бөбөктү сабаган кишини абактан бошотту


Жогорку Сот Сокулукта эки жашар бөбөктү сабаган кишини абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттон билдирди.

Эске салсак, 2022-жылдын 3-февралында Сокулук аймактык ооруканасына денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталган. Милиция кылмышка шектүү катары Сокулук районунун Александр Самаркин аттуу 35 жаштагы тургунун кармаган (баланын ата-энеси анын малын карап иштечү). Кийин райондук сот аны беш жылга кесип, облустук сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Бирок бүгүн, 13-июнда, Жогорку Сот мурда чыккан өкүмдөрдү жокко чыгарып, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

"Коллегия иштин жагдайын жана соттолуучунун жеке сапаттарын эске алуу менен ал коомчулуктан оолактатылбай эле оңоло алат деген бүтүмгө келди", — деп айтылат маалыматта.

Самаркин сот залынан бошотулду. Ал эки жыл пробациялык көзөмөлдө болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн