Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Сот ЖЭБди реконструкциялоо боюнча ишти кайра кароодон баш тартты

02.03.2021 18:30
914
Жогорку Сот ЖЭБди реконструкциялоо боюнча ишти кайра кароодон баш тартты

Жогорку Сотто Бишкек жылуулук электр борборун мыйзамсыз реконструкциялоо боюнча сот иши аяктады.


Соттук коллегия адвокаттардын Сапар Исаков, Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Ольга Лаврова, Салайдин Авазов жана Жолдошбек Назаровго карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жөнүндө өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.


Улуттук энергетикалык холдингдин экс-башчысы Айбек Калиев, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана "Электр станциялары" ААКтын башчысы Салайдин Авазов борбордогу ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча ар кандай мөөнөткө кесилген. ЖЭБди модернизациялоо тобунун мурдагы жетекчиси Темирлан Бримкулов жана "Электр станциялары" ишканасынын коммерциялык директору Жолдошбек Назаров сот залында бошотулган. Мурдагы каржы жана энергетика министрлери Ольга Лаврова менен Осмонбек Артыкбаев айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн