Бугу 05, 2024
Убакыт: 20:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Сот Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

18.08.2023 12:17
243
Жогорку Сот Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды


Бүгүн, 18-авгутта соттук отурум өтүп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди, деп жазат “Азаттык” үналгысы.

Бул боюнча Бакиров комментарий берип, муну “мыйзамсыз” деп атаган.

“Бул баарына эле билинип турат, бул – мыйзамсыз чечим. Жаңы ачылган жагдай деп жатышат. Шайлоо кодексинде “жаңы жагдай деген түшүнүк жок”, - деген ал.

Белгилей кетсек, 26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми 7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн