Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Соттун судьясы Гүлбара Калиева ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазды

01.09.2023 12:58
480
Жогорку Соттун судьясы Гүлбара Калиева ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазды


Жогорку Соттун судьясы Гүлбара Калиева өз каалоосу менен соттук ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазды.


Анын арызы 29-августта Кыргызстандын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйынында каралды.


Судьянын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш Жогорку Кеңешке жөнөтүү үчүн президентке жөнөтүлдү.


Белгилей кетсек, Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын сентябрында шайланган. 2021-жылдын март айында Жогорку Кеңеш президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу боюнча сунушун жактырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн