Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева азырынча жоопкерчиликке тартылбайт

05.01.2021 12:23
465
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева азырынча жоопкерчиликке тартылбайт

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын жоопкерчилигин  кароо боюнча Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын отуруму болгон жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева ооруп калган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн башчысын жоопко тартууга макулдук берүү маселеси анын катышуусу менен гана каралышы керек деген бүтүмгө келишти. Ошондуктан, жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.


Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун айткан. Кеп “Жергиликтүү сот”  моделин иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда коррупцияга байланыштуу болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн