Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 20:21
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жогорку аттестациялык комиссиясын мындан ары президентке караштуу болот

03.09.2021 12:23
894
Жогорку аттестациялык комиссиясын  мындан ары президентке караштуу болот


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы жɵнүндɵ” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Жарлыкта заманбап мамлекеттин технологиялык ɵнүгүүсүндɵ илимдин стратегиялык мааниси ɵлкɵнүн ɵнүгүүсүндɵгү социалдык-экономикалык жана маданий кɵйгɵйлɵрдү чечүүдɵ илимий жана инновациялык ишмердүүлүктүн багытталышынын зарылдыгын аныктай турганы белгиленет.


Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясын Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы деп ɵзгɵртүп түзүү токтом кылынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн