Кыргызстандын Жогорку соту президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда маалымат жыйында билдирди.
«Жогорку соттун токтому менен Райкүл Жапаровага карата сот чечимдери жокко чыгып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ага жанагыдай суроо-талаптын кереги жок. Кыргызстанга эркин келсе болот», - деди Зулушев.
Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.
Зулушевдин билдирүүсү боюнча Жогорку сот азырынча жооп бере элек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн