Бугу 02, 2024
Убакыт: 14:06
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Жогорку сот эл каттоого катышты

30.03.2022 12:54
443
Жогорку сот эл каттоого катышты

Бүгүн, 30-мартта КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.


Замирбек Базарбеков суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Жогорку соттун төрагасы жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.


Жалпы республикалык каттого ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Айбек Давлетов жана Нургүл Бакировалар катышты.


Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.


Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн