Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жогорку сот соттордун эмгек акысы 160 миң сомго көтөрүлдү деген маалыматты четке какты

31.01.2022 09:07
1039
Жогорку сот соттордун эмгек акысы 160 миң сомго көтөрүлдү деген маалыматты четке какты

Жогорку сот соттордун эмгек акысы 160 миңге сомго көтөрүлдү деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып, АКИпресс агенттиги жазды.


Маалыматка ылайык, соттордун айлык акысы көтөрүлгөндөн кийин 40 миңден 51 миңге чейин жетет. Эмгек акы соттордун квалификациясына, наамына, стажына жана башка критерийлерден көз каранды.


"Бүгүнкү күндө сот системасынын кызматкерлери Финансы министрлиги жарыялаган көрсөткүчкө дал келбейт. Соттордун эмгек акысы ачык булактарда көрсөтүлгөн.

Жогорку сот Финансы министрлиги быйыл сот системасынын кызматкерлерин эмгек акысын көтөрөт деп ишенет",- деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Финансы министрлиги соттордун эмгек акысы 80 миңден 160 миң сомго көтөрүлгөнүн жарыялаган.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн