Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку соттун имаратынын алдына «Таза шайлоо үчүн» аттуу тынчтык акциясы өтүп жатат.
Маалым болгондой, чогулган 50гө жакын адамдардын арасында "Ата Мекен", "Реформа", "Бир Бол", "Чоң казат" партияларынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер бар. Алар шайлоону таза өткөрүү боюнча өз пикирин билдирип, таза шайлоону камсыздоого, мыйзамдар сакталуусуна аракет кылууга үндөп жатышат.
Саат 16:00дө Жогорку сотто отурум башталат. Анда БШКнын Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине карата кайрылуусу каралат.
БШК шаардык соттун «Кыргызстан» партиясынын талапкерлерин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн каттоо тууралуу чечиминен кийин жогорку инстанцияга кайрылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн