Соттор кеңеши президентке Жогорку соттун судьялары Каныбек Бокоев менен Анархан Базаралиеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү сунуштады. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ден-соолугуна байланыштуу алар жумушка чыга албай калышкан, бул маселе боюнча алардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу бар.
ЖК депутаттары сунушту колдоп, сотторду кызматынан бошотууга добуш берүү менен макулдук беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн