Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Жогорку соттун төрайымы Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

23.09.2021 10:35
866
Жогорку соттун төрайымы Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.


Төмөндө куттуктоонун тексти:


“Урматтуу мекендештер!


Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм.


Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз.


Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз эки жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.


Мамлекеттик тилибиз — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды.


Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,


Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,


Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,


Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.


Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир атуулу мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт эмеспи.


“Тилдин ээси – эл” деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.


Сот тутуму дагы эне тилин аздектеп, Пленумдун иши каралганда, судьялар ант бергенде, чоң жыйындар, тегерек столдор Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, андан соң кыргыз тилинде өткөрүлөт.


Демек, биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Ошондуктан, баарыбыз эң ириде эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнүшүбүз керек.


Кадырлуу мекендештерим, дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!


Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!”

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн