Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова өз каалоосу менен төрайымдык кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымынын кеңешчиси Ибраим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, Жогорку соттун төрайымы кызматынан кетери тууралуу бүгүн билдирген.
Жогорку сот төрайымы Нургүл Бакирова кызматынан эмне үчүн кетип жатканы азырынча белгисиз.
Эске салсак, Нургүл Бакирова 2021-жылдын 22-апрелинде Жогорку соттун төрайымы болуп шайланган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн