Бугу 13, 2024
Убакыт: 22:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жол кырсыгы көп катталганына байланыштуу ири рейд жүрөт

29.07.2021 13:08
436
Жол кырсыгы көп катталганына байланыштуу ири рейд жүрөт

Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгы ордо калаада бир нече күн бою рейд жүргүзүлөрүн билдирди.


Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана борбор шаардагы жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталат.


Башкармалыктан билдиргендей, жарым жыл ичинде Бишкек шаарында 1 291 жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2020-жылдын алты айына салыштырмалуу 319 аварияга көп.

Алты айдагы кырсыктан 1 643 адам жаракат алган. Кайгуул милициясы жол-транспорт кырсыктарына унааны айдоо маданиятынын жоктугу жана жол эрежелери сакталбагандыгы себеп болгонун белгилейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн