Бугу 07, 2024
Убакыт: 06:55
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жол кырсыгына кабылган автобуста жабыркагандардын саны 21ге жетти

29.10.2021 15:20
1770
Жол кырсыгына кабылган автобуста жабыркагандардын саны 21ге жетти

Бишкекте №8 автобус катышкан жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 21ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди



Маалым болгондой, балдар ооруканасына тогуз бала түшүп, амбулатордук дарыланууга чыгарылган.


№4 шаардык ооруканага 12 жабырлануучу түшүп, алардын төртөө травматология бөлүмүнө жаткарылган. Абалдары канааттандырарлык. Ошондой эле экөө орто оор абалда реанимацияда жатат. Калгандары үйлөрүнө кое берилген.


Алдын ала маалымат боюнча, күбөнүн айтымында, жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кеткен, автобустун айдоочусу андан буйтап бакты сүзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн