Бугу 13, 2024
Убакыт: 23:21
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Жолборс Жоробеков, профессор: “Жаш өтүп калганда сыйлык алуу да түйшүк экен, кереги деле жок”

14.09.2023 09:22
1404
Жолборс Жоробеков, профессор: “Жаш өтүп калганда сыйлык алуу да түйшүк экен, кереги деле жок”


- Агай, жакында эле “Ынтымак” сейил багына жубайыңыз Мариям Эдилова экөөңүздөрдүн атыңыздардагы орундук орнотулду. Мындай идея кандайча пайда болду?


- Мен Американын, Европанын парктарын аралап жүргөндө жанында “Вьетнам согушунун катышуучусу”, же болбосо “эмгектин арадагери баланча, түкүнчө орноткон” деген табличкалары бар скамейкаларды көрдүм эле. Алтын тойдун алдында ошол эсиме түштү дагы, биз да парктардын бирине ошондой скамейка орнотсок кандай болот (?) деген ой келди. Бирок, сураштырып көрсөм, анын да көп бюрократиялык процедуралары бар экен. Ошондуктан, балдарым Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевге чыгышты. Ал өзү дагы Европага барганда Барселонадан көргөн экен. Ошол кишинин колдоосу менен балдар скамейканы “Ынтымак” сейил багына орнотушту. Рахмат, Куванычбек мырзага! Жакшы жардам көрсөттү. Бизде кимдир бирөөлөр тарабынан орнотулуп, алардын аты жазылган орундуктар азырынча жок экен. Балким, эми пайда боло баштаар. Сейил бактын кызматкерлери да “эгер демилге көтөргөндөр дагы чыкчу болсо, атайын жер бөлүп беребиз” деп пландаштырып жатышат.


- Алтын той демекчи, белгилүү илимпоз, философия илиминин доктору Мариям Миталиповна экөөңүздөр чогуу түтүн булатканыңыздарга мына быйыл жарым кылым болуптур. Эже экөөңүздөр кантип тааныштыңыздар эле?


- Экөөбүз тарых факультетинде чогуу окудук. Мен окууга катары менен төрт жыл тапшырып атып өткөн жыйырма бирдеги жигит болчумун. Мариям болсо мектепти бүтүп эле келген. Төрт жылдай сүйлөшүп жүрүп, бешинчи курстан баш коштук. Мамлекеттик экзамендин алдында балалуу болуп калганбыз. Ал кездерди өзүңөр билесиңер, материалдык жактан колдой турган кишибиз жок болгондуктан, өтө кыйынчылык менен жашадык. Мариям Рахат Ачылова эжеден курстук, дипломдук иштерди жазып жүрчү. Анан балабызды бакчага берген соң ошол кишинин жардамы менен энциклопедияга жумушка кирди. Бул мекемеде Салижан Жигитов, Асанбек Табалдиев, Бүбүйна Орузбаевалар менен чогуу иштеп, тез эле тарых, философия редакциясынын жетекчиси болуп калган. Мен болсо аспирантурада окудум. Ошентип, бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп, адегенде кандидаттыгымды мен коргодум, анан Мариям коргоду. Мен докторантурада жүргөн кезде Абыдаганы Эркебаев “коомдук пикирди жана улут аралык мамилелерди изилдөө боюнча борбор түзүп атам, келбейсизби?” деп Ошко чакырды (губернатор болчу). Бул сунуш мага да жага түштү. Себеби, докторлук диссертациямдын темасы улут маселеси болчу. Ал жерде эки жыл иштеп, диссертациямды жазып бүттүм. Ошол кезде эки палаталуу парламент түзүлүп, Жогорку Кеңешке шайлоо башталып калбадыбы. Кудайдын колдоосу менен бир тыйын да акча коротпой депутат болуп, парламентке келдим.


- Жакында эле “Тирийлик” деп аталган китебиңиз жарык көрдү. Биз сизди буга чейин деле саясый, экономикалык темаларда жазган публицист катары билчү элек. Бирок, бул жолу автобиографиялык, көркөм жанрга өтүүңүзгө эмне түрткү болду?


- Менин балалык кезим, жаштыгым бир топ эле татаал болду. Кичинекей кезимде атам өлүп, апам башка турмуш куруп, жеңелердин колунда тарбияланып дегендей. Мына ушулардын баары көкүрөккө кандайдыр бир изин калтырды го. Экинчи класста бекен, Миклухо-Маклай жөнүндөгү китепти сыйлыкка алгам. Ошондон башталдыбы, мектепти бүткөнгө чейин китепканада мен окубаган бир да китеп калган эмес. Азыр да эсимде турат: “Кычан”, “Вася Трубачев жана анын командасы”, “Кенже уулдун көчөсү”, Түгөлбай Сыдыкбековдун китептери... Айтматовдун кыргызча китептери ал кезде чыга элек беле билбейм, “Кызыл жоолук жалжалымды” өзбек тилинде, Кувасайдан сатып алып окугам. Ошолордун баары адабиятка кызыгып, бирдекелерди жазуума себеп болду көрүнөт. Ал эми сен айтып жаткан “Тирийлик” деген китепке келсек, бул бала-чака, өзүбүздүн туугандар үчүн жазылган китеп.


Мындан башка быйыл Абдыганы Эркебаев жөнүндө жана “Кыргызстандагы саясаттын эволюциясы” деп аталган эки чоң китеп чыгардым. 8-сентябрь күнү илимдер академиясынын экинчи кабатында ушул эки китептин бетачары өтөт.


- Анда кутман курагыңыз, Мариям эже экөөңүздөрдүн алтын тоюңуздар кут болсун! Көп жашаңыздар! Баса, юбилейге карата жогору жактагылар сыйлык ыроолошкон жокпу?


- Анүчүн документ чогултуп, тияк-быякка чуркаш керек экен. Жаш өтүп калганда андай түйшүктүн кереги деле жок го. Элдин арасында болсок, эмгегибизди журтубуз билсе болду да...


Мамат Сабыров 

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн