Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жолдорду жууп, үйлөрдү сел каптаган Ысык-Көлгө министр жөнөп кетти

30.07.2021 14:24
545
Жолдорду жууп, үйлөрдү сел каптаган Ысык-Көлгө министр жөнөп кетти

Ысык-Көл облусунун аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусу, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.


"Турак үйлөрдү суу каптап ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын айрым жерлери селден зыянга учурады. Ал эми көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык. Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев, ӨКМнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кетишти. Азыркы учурда Балыкчы шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң райондук бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.


ӨКМнын маалымат кызматы толук маалымат берилерин кошумчалады.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн