Аяк оона 09, 2025
Убакыт: 20:31
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн прапорщик жана ефрейтор камакка алынды

09.09.2025 13:12
35
Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн прапорщик жана ефрейтор камакка алынды


Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн прапорщик жана ефрейтор камакка алынды.


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, күн мурун, 8-сентябрда Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Базар-Коргон районундагы 5-кайтаруу батальонунун кароол башчысынын жардамчысы, ефрейтор Т.у.Н. катардагы жоокерге карата физикалык зомбулук көрсөткөндүгү аныкталган.


Кылмыш-жаза кодексинин 388-беренеси (Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, ефрейтор Т.у.Н. Жалал-Абад шаардык милицисынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Мындан тышкары, Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Чек ара кызматынын 2026 аскер бөлүгүндө катардагы жоокерлерге карата зомбулук жана кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары бөлүмчө командири, прапорщик А.Б.Т. кармалып, Бишкек гарнизонунун аскер гауптвахтасына киргизилди.


Учурда бул кылмыш иштер боюнча тергөө амалдары улантылууда.


Аскер прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу, аскер кызматкерлеринин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, укуктук тартипти чыңдоо багытында туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүлүп келет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн