Израилдин Газа секторуна болгон чабуулунан бир үй-бүлө толугу менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу "Анадолу агенттиги" билдирди.
Маалыматка караганда, үй-бүлөдөгү эне кош бойлуу болгон.
"Атасы Рафет 38 жашта, апасы Равия абу Аср кош бойлуу 35 жашта, эң улуу уулу Исмаил 6 жашта, Амир жана Адхам 5 жашта жана Мухаммад 3 жашта болгон.
Алардын үйүнө Израилдин ракетасы түшкөн",- деп жазылат маалыматта.
Газа секторуна Израилдин чабуулунан 1000дей адам жаракат алып, каза болгондордун саны 130га жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн