Бишкек шаарында 10-июндан 30-июнга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгү убактылуу унаа кыймылына жабылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күндөрү узундугу 60 метрди, диаметри 530 ммди түзгөн магистралдык жылуулук түтүгүн пландан тышкаркы алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.
Жылуулук тармагы 1985-жылдан бери пайдаланылып келет жана колдонуу мөөнөтү бүтүп калган.
Кыймылды чектөө оңдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн