Ош облусунда чек арачылардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улутук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан "Эркечтам-унаа жол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз ташып өтүү үчүн чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, системалуу түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген "Д" ЖЧКсынын жана "А" ЖЧКсынын мыйзамсыз иштери токтотулду.
Жогоруда аталган схема атайын ишкерлерди түзүүдөн турган, алардын негизги иши “Д” ЖЧКсы менен “А” АКга автотранспорт каражатынын ар бир айдоочусунан кезекке туруу үчүн миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мажбурлап өндүрүү болгон, ага ылайык айдоочуларга “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген жана контейнерлерди жана жабдууларды кайра жүктөө үчүн крандарды колдонуу 100 долларды түзгөн.
Коррупциялык схеманы жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жүк ташууну көбөйтүүгө, жүк ташуу наркын төмөндөтүүгө жана жогоруда аталган субъекттер тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн монополиялык шарттарды жоюуга мүмкүндүк берди. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.
УКМК министрликтерде, ведомстволордо жана мамлекеттик мекемелерде коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн