Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 10:12:24
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери улантылууда

28.10.2024 09:14
719
Жумгалда дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери улантылууда


Жумгалды мал кайтарып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Изделип жаткан Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 49 жаштагы К.Б . жана 9 жаштагы С.Б. аттуу тургундары 16-октябрь күнү мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болушууда.

Күн мурун ӨКМдин 4 куткаруучусу, Ички иштер министрлинен 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 14 адам издөөгө чыгышкан.

Белгилей кетсек, жоголгондор тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн. Куткаруучулар маалымат түшкөн күндөн тарта ИИМдин кызматкерлерине көмөктөшүп, издөө ишин жүргүзүп жатышат. Тилекке каршы азырынча натыйжа боло элек.

Эскерте кетсек, ӨКМ ири табигый кырсык жана өзгөчө кырдаалдарда, бийик тоолуу аймактарда, тоолордо ошондой эле суу объектилеринде издөө иштерин атайы эреженин негизинде жүргүзүшөт. Алгач аймак чалгындоого алынып, андан соң кошумча күч жана каражаттар тартылат.

Мындан сырткары аба ырайы, сууда издөө ишинде суунун тартылышы жана башка шарттар эске алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн