Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:04
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жумгалда маданият кызматкерлери 1,5 млн сомду кымырып алышкан

18.09.2024 10:32
85
Жумгалда маданият кызматкерлери 1,5 млн сомду кымырып алышкан


Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1,5 млн сомду ыйгарып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу фактылары аныкталды.

Маданият кызматкерлери көптөн бери өздөрүнө "аванс" түрүндө акча жазып келишкени, бирок ал айлык акыларынан кармалбай келгени аныкталды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында бухгалтердик текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында келтирилген зыяндын суммасы 1 млн 588 миң сомду түзгөн.

Мындан улам суракка алынган Т.Ы., Ж.Т., А.А., Р.М., А.М., Р.Б. жана Г.А. жогоруда көрсөтүлгөн суммадагы акчаны ыйгарып алганын моюнуна алып, келтирилген зыяндын белгиленген өлчөмүн толугу менен толтурган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн