Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 08:29
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Жумгалда пара катары кой талап кылган милиционер кармалды

13.08.2020 10:24
930
Жумгалда пара катары кой талап кылган милиционер кармалды


ИИМдин Ички иликтөө кызматы аймактык бөлүмдөрдүн бириндеги пара алуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, А.Б. аттуу жаран милицияга кайрылып, мыйзамсыз ишкердик менен алектенүү фактысы боюнча жаран А.Б. менен башка адамдарга карата кылмыш ишин козгоону токтотуу үчүн эки баш кой түрүндө пара талап кылып жаткан Жумгал  районунун ИИБдин кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.


Ошондой эле бир эки күн мурда кызматкерлер  А.Б. аттуу жарандан жана башкалардан  10.000 сом  өлчөмүндө акча каражатын алышканын айткан.


Аталган факты боюнча 326-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жумгал районунун ИИБдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү кылмыш ишин токтотуу үчүн  арыздануучудан эки баш кой түрүндө пара талап кылгандыгы аныкталган.


12-август күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжасында милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын лейтенанты Р.Ы. кармалган.


Азыркы учурда тергөөнү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө кызматы жүргүзүүдө.

 

Маалыматка таянсак, ИИМдин Ички иликтөө кызматы мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо максатында ички иштер органдарына келген жактарды алдын алууга, ИИОнун кызматкерлери тарабынан жасалган мыйзамсыз иштерди аныктоого жана бөгөт коюуга, андан сырткары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында мыйзамдуулук менен тартипти бекемдөөгө багытталган иштерди жүргүзүүнү улантышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн