7-апрель күнү Жумгал суусуна эки жашар бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчо кырдааалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Чаек айылында 2 жашар бала Жумгал суусуна түшүп кеткен. Аны издөө үчүн ӨКМнын 9 куткаруучусу 8 милиция кызматкери, 10 жергиликтүү тургун тартылган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан наристенин жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн