Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жунушалиев: Автобустар айдоочу жоктугунан улам линияга чыкпай турат

07.10.2021 12:06
1056
Жунушалиев: Автобустар айдоочу жоктугунан улам линияга чыкпай турат


 Бишкекте беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 2,5 эсе азайган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.


Анын айтымында, 2017-жылдан бери (ал жылды кошкондо) борбор калаада коомдук транспорттордун саны азайганы байкалууда.


“Беш жылдан бери маршруттук таксинин саны 4 миң 136дан 1 миң 590го чейин азайган, ал эми автобус 94төн 87ге чейин түшсө, троллейбус тескерисинче, 103төн 130га чыкты. Анткени троллейбустарды оңдоп линияга чыгардык. Жол кире тарифинин жогорулашынын бирден бир себеби ушул болду”, - дейт ал.


Жунушалиев “Эко Пассажирские Перевозки” компаиясы менен келишим түзүлүп, 210го чейин автобус алынганына токтолду.


“Бирок алардын 80-90у гана рейске чыгууда. Айдоочулардын таңкыстыгынан автобустар токтоп турат”, - деп айтат мэр.


Шаар башчысы Европа реконструкциялоо жана Өнүктүрүү банкы менен 33 млн евролук долбоор иштелип жатканын белгилейт.


“Эгер долбоор ратификациядан өтсө, анда газ менен жүрүүчү 250-300 автобус алганга шарт түзүлөт. Ошондой эле 50 млн долларлык долбоордун үстүнөн иштеп жатабыз. Анда электравтобустарды алуу каралган”, - деп маалымдады Жунушалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн