Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:35
USD
EUR
RUB

Жунушалиев балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө муниципалдык батирлерди тапшырды

04.11.2021 12:27
715
Жунушалиев балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө муниципалдык батирлерди тапшырды


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев райондук администрацияларжа жашоо шартын жакшыртууга муктаж каттоодо турган балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова катышты. Ал өз сөзүндө мэрге мындай демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.


Батирлер төмөнкүлөргө берилди:

• Емельянов Ю.Н. - Краснореченская атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;

• Байбосунов И.У. - жетим;

• Джекшенов Н.С - Краснореченская атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын тарбиялануучусу;

• Нукеш У.К. - жетим;

• Эркинбекова Ж.Э. - жетим;

• Атанов Б.К. - жетим.


Ошондой эле турак-жай маселелери боюнча коомдук комиссиялардын курамына балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн