Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Журналист Болот Абдыжапаров Нариман Түлеевге кайрылуу жасады (Видео)

23.04.2021 17:59
1236
Журналист Болот Абдыжапаров Нариман Түлеевге кайрылуу жасады (Видео)

Журналист, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болот Абдыжапаров Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. 


Анын айтымында, Нариман Түлеевди дебатка чакырса, келбей койгондуктан социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасоого туура келген.


"Урматтуу, Нариман Ташболотович, сиз кайсы тарапта экениңизди ачык айтып аныктап алыңыз. Сиздин кызыкчылыгыңыз туура келсе достошуп, болбосо шыбап жүрө береспи? Тоолук жигит катары, эркек катары бир позицияңызды билдириңиз. 

Сиздин бир туруп  шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарыш керек, бир туруп каршы болгонуңуздун бир эле себеби бар ал мэрлик кызмат. Өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн элди жана өлкөнүн каражатын курмандык кылбаңыз. Мэрлик керек болсо, президент менен эле чечишип алыңыз. Ары-бери өтө бербей",- деп айтылат Абдыжапаровдун кайрылуусунда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн