Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:38
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Журналист Букашева бийликтеги аялдарды кеңешмеге чакырды

09.03.2020 15:08
1883
Журналист Букашева бийликтеги аялдарды кеңешмеге чакырды


Өкмөттөгү жана Жогорку Кеңештеги бардык аялдар кеңешмеге чогулуп 8-мартта болгон окуяларга байланыштуу билдирүү жасашыбыз керек. Мындай пикирин журналист Бермет Букашева айтып чыкты.


Ал белгилегендей, бийликтеги аялдар өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, адегенде "Кырк чоронун" артында ким турат, тынчтык митингине чыгып жаткан кыздарга жолтоо болууга ким буйрук бергенин аныктоо керек. 

   

"Кыргыздарда "кыздын кырк чачы улуу" деген сөз бар. Кырк чорочулар биздин салтыбызды тебелеп, аксакалдарыбыздын жана жигиттерибиздин башындагы ак калпагын булгашты. Эркектер эч качан аялдарга кол көтөрүшкөн эмес", - деди ал.


Б.Букашеванын айтымында, мурда Кыргызстанда коррупцияланышкан бийликте эл менен оппозициянын нааразычылыктары айтылып келсе, эми дүйнөтааным конфликтери пайда болууда.   


"Эгерде биздин жеке турмуштук жашообузга, кандай кийинүүбүз керектигине, эмне кылаарыбызга, кандай жашап, кандай жүрүүбүзгө кийлигишип, өздөрүнүн көз карашындагы дүйнөтаанымдарды таңуулап, аялдарды майрамынан ажыраткысы келсе, анда биздин менталитет бузулат. Анан бизди феодализмге айдап келип, аялдарга кол көтөрүүнү адат кылгылары бар", - дейт ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн