Журналист Олжобай Шакирди суракка алуу үчүн УКМКга алып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, Олжобай Шакир азыр УКМКнын борбордук аппаратында.
Журналистти суракка чакыруунун чоо-жайы айтылган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну көздөгөн. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүүгө каршы экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн