Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жүрөгүм ооруп, ишене албай турам. Курманбек Бакиев Рахман Разыковду эскерди

07.06.2021 23:59
3925
Жүрөгүм ооруп, ишене албай турам. Курманбек Бакиев Рахман Разыковду эскерди

 Ар дайым чындык тарапта эле чыркырап жүрчү. Мындай пикирин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев каза болгон куудул Рахман Разыковду эскерүү билдирүүсүндө айтты.


Төмөндө Бакиевдин эскерүүсүн өзгөртүүсүз берилди: 


"Бүгүн суук кабарды угуп, жүрөгүм ооруп, уккан кулагыма ишене албай турам. Рахман менен Чүй облусунун өкүлчүлүгүндө иштеп жүргөндө "Бешилик" тобу менен келип, борборго концерт коюп сатирасын элге тартуулаганы келгенде жолугуп, таанышып калдым. Отурганда эле ичинде кири жок, турмуштун чындыгын сатира аркылуу жеткире алган таза инсан экенин сездим. Таанышкан күндөн ушул күнгө чейин ага-ини болуп катышып келдик. Көп кырдуу талант катылган алп инсан экенин баалап, дайым сыймыктануу менен сыйлап келем. Минтип аты өчкүр вирустун ажалына кабылып, акка моюн сунуп кете бериптир. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун иним! Кудайым өзү ырайымына алып, мээримине бөлөсүн.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөм. 

Бакиев Курманбек Салиевич, Минск шаары".

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гуля
Рахмаат
Калысбек
Телефонуна 60т. түшкөндө, кыргыздын чыгаандарын кырып атканда жүрөгү бөйрөгүнүн ордунда жүргөн го, канкор!
Алмаз
Туура айтасын брат. Канча деген жаш кыргыз балдар Каза болуп кетти .Ушул канкор мыкачынын айынан. Бир жазасын алаар Убакыт келер.
Нуржан
Жөн эле сүйлөй бербечи