Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:34
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жүрөк ооруларын кантип алдын алабыз?

05.10.2023 13:03
548
Жүрөк ооруларын кантип алдын алабыз?


Дүйнө жүзүндө жүрөк оорулары жылда 19 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алат. 2030-жылы бул көрсөткүч 23,6 миллионго жетиши мүмкүн. Кыргызстанда оорудан каза тапкандардын 51 пайызын жүрөк кан тамыр оорулары түзөт. Жылдан жылга жүрөк оорулары көбөйүп  да, жашарып дагы баратканы коркунучтуу. Айрыкча жаштар арасында күч алып жатат. Бул дарттын алгачкы белгилери, алдын алуу жолдору жана жүрөккө стент коюу канчалык пайдалуу экендигин сурап, белгилүү кардиологдорго кайрылдык. 



Калдарбек Абдраманов, КР башкы кардиологу:


- Инфаркттын негизги себептери: өнөкөт стресс абал, тамактануу эрежесинин сапаттык жагынан бузулушу, уйку режиминин бир калыптан чыгуусу – мунун баары организмге өзгөчө терс таасир берет. Кыймыл аракеттин азайышы кан басымдын жогорулап, канттын өсүшүнө, аягы инфаркт, инсульт ооруларына жеткирип, эрте өлүмгө алып келет. Өкүнүчтүүсү, жаштарыбызды майыптыкка, эрте өлүмгө алып келүүдө.


Инфаркт оорусунун белгилерине токтолсок, жүрөктө чоң тамыр чыгат, ал тамыр дагы чоң эки тамырга бөлүнүп кетет. Алар жүрөктүн оң тамыры жана сол тамыры деп аталып, жүрөктүн өзүн кан менен камсыз кылып турат. Мына ушул кан тамырларда жогоруда айтып кеткендей холестерин пайда болуп, улам чогулуп отурат. Ошол жерге чейин кан жакшы келет да, жүрөктүн андан аркы бөлүгү кан менен жакшы жабдылбай, такыр кан барбаган жерлери ирий баштайт. Жүрөктүн иштен чыккан жерлери чоңойгон сайын өзүнүн белгилерин берет. Бул учурда адамдын жүрөгү кысылып, басып бараткан жеринен токтоп, энтигип, чарчап калат. Бул көрүнүштү биз стенокардия деп атайбыз. Эгер кан тамырдын жарымы же толук жабылып калса, анда биз аны инфаркт деп коёбуз. Мында жүрөк кан тамырынын нормалдуу иши иштен чыгат. Ал иштен чыккандан кийин кайра өзү  оңолбойт. Токтоосуз жардам керек болот.


Инфаркт болор алдында көкүрөктүн ортосу, тагыраагы, төш сөөктүн асты же жүрөктүн тушу капысынан катуу ооруйт. Жүрөктүн кагышы ылдамдап, жүрөк сайгылашып, кысылып ооруйт. Көкүрөк ысып чыгат да, адамды кара тер басып, кыймылдоо кыйынга туруп калат. Тери кубарып, адам бопбоз болуп калат. Айрымдарынын жүрөгү айланып кусат, сүйлөй албай алы кетет, колу-буту эч нерсени сезбейт. Оору катуу кармаган учурда бир азга тыныгуу жасап тынч жатуу керек. Дары кутучасындагы өзү ичип жүргөн дарыны берүү зарыл. Оорулуу дайыма доктур жазган дарыларды жанына ала жүрүүсү кажет. Эгер оору көчөдө жүргөндө кармаса, ошол жерде жүрөктүн сыгылганы бошогончо баспай күтө туруу керек. 


Жүрөк оорулары өмүргө өтө коркунучтуу жана кооптуу. Бирок бүгүн алар менен күрөшүүнүн таасирлүү жолдору, ыкмалары бар. Коркунучтуу жүрөк оорулары менен да адамдар убагында жардам алса, жашоону он жылдап уласа болот.




Дамир Осмонов, саламаттык сактоо министрлигинин башкы аритмологу:


- Жүрөктүн тамырларына стент коюу боюнча биринчи операция 1986-жылы жасалган. Андан бери инфаркт оорусунун алдын алуу жана дарылоо үчүн ийгиликтүү колдонулуп келет. Стент сандын же колдун артериясы аркылуу киргизилет. Жүрөктүн тамырларынын калыңдыгы өтө кичинекей (2-4 мм) болот. Ал эми тамырлардын ичин май басып калганда ал бүтөлүп, жүрөктө кан жакшы айланбай калат. Мындан улам инфаркт пайда болуп, жүрөк булчуңдарынын некрозуна алып келет. Кичинекей металл серпилгич (пружина) түрүндөгү стент тамырды кеңейтип, кандын эркин өтүшүнө шарт түзөт. Ошондуктан эгер дарыгер стент коюу керектигин айтса, операцияны кийинкиге калтырбоо керек. Жүрөк оорусунун алдын алып, ондогон жылдар бою өмүрүңүздү сактап калганыңыз оң. Учурда жүрөктүн ишемиялык оорусу жана коронардык артерияларын май баскан бейтаптарга стент коюу сунушталат. Тамырдын 1/3 бөлүгү бүтөлүп калса, адам тез чарчап, энтигип, көкүрөк, жүрөк тарабы ооруп баштайт. Коронардык артерия оорусунун мындай белгилери жүрөккө операция жасоонун себеби болуп саналат. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн