Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 15:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

Жүрөктөрдү «ойготкон» вирус

18.08.2020 11:19
1348
Жүрөктөрдү «ойготкон» вирус


Адамзат баласы вирустук оорулардын эпидемиясын тээ байыркы мезгилде эле баштан өткөргөн. Адамдар холера, чечек, канаттуунун, чочконун сасык тумоосу сыяктуу оорулар  менен оорушкан. Бирок дээрлик бардык өлкөлөрдү өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдерин киргизип, чек араларын жаап, өзүн өзү изоляциялоо режимине өтүүгө мажбур кылган ооруну адам баласы биле элек болчу.




Коронавирус инфекциясы жер шаарынын дээрлик бардык аймагын кучагына алды. 20 миллиондон ашык адам ооруну жуктуруп, 760 000 адам жаңы инфекциянын курмандыктары болушту. Кыргызстан бул илдет менен жарым жылдан бери күрөшүп келүүдө.


Коронавирус инфекциясынын  жайылуусу күтүүсүздүк болду. Саламаттыкты сактоо системасынын  жарандардын илдетти  массалык жуктуруусуна даяр эмес экенине күбө болдук. Айрыкча илдеттин жайылуусунун пик убагы болуп кѳрбѳгѳндѳй  кыйынчылыктарды жаратты. Өлкө боюнча дары дармектердин, коргонуучу каражаттардын, медициналык жабдуулардын таңсыктыгы орун алып, ооруканалар жетишпей калды. Бирок ѳлкө кезиккен кыйын кезеңде эл аралык уюмдар, коммерциялык институттар, катардагы жарандар, ишкер, саясатчылар ар кандай жардамдарын көрсөтүшүп, элибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алышты.




Кээ бирлери медиктерди өздүк коргонуучу каражаттар, ысык тамактар  менен камсыз кылып жатышса, башкалары муктаждарга тамак аш азыктарын таркатып жатты. Өз каражаттарына дем алдыруучу концентраторлорду сатып алып, оорукана, стационарларга таркаткан кайрымдуу жарандар да аз болгон жок.


«Сен өзүңдүн тапканыңы башкалар менен бөлүшсөң кандай жакшы», - дейт нарындык ишкер Улан Бакасов. Ишкер өзүнүн жардамын коронавирус Кыргызстандын аймагына  жайыла баштаган алгачкы күндөрдөн тартып көрсөттү.  Тамак аш азыктары түрүндө берилген жардамдарынан сырткары, ал 100 дем алдыруучу концентраторлорду сатып алып берди. Алгачкы 30 концентраторду Нарын облустук ооруканасына тапшырса, калгандарын облустун башка аймактарындагы ооруканаларга жеткирип берди. Облуста тез жардам унаасынын жетишпестигин да  чечип, 9 реанимобил менен камсыз кылды. Чындыгында бул анын көрсөтүп келаткан меценаттык иштеринин  чети гана.



«Элден элге» кыймылы ондогон өмүрлөрдүн сакталуусуна себепчи болушту. Аталган кыймыл ыктыярдуу мобилдик бригадаларды түзүп, жүздөгөн жарандарга алгачкы медициналык жардамдарды берүүгө жетишти. Ыктыярчылар элден акча чогултуп, ага жетишпеген дары дармектерди, коргонуучу костюмдарды, гигиеналык каражаттарды сатып алышып, калктын аялуу катмарына каржылык колдоолорду көрсөткөндөрүн айтпай коюуга болбойт.


Бул  күндөрдүн дагы бир баатыры – Бурул Аманова. Кырдаал курчуп, ооруканаларда орундар жетишпей, көптөгөн бейтаптарды жаткырып дарылоо чоң көйгөйгө айланганда, ал өзүнүн мейманканасында медиктер үчүн обсервацияны уюштурууну колго алып, стационарда медиктер жана бейтаптар үчүн зарыл  шарттардын  баарын түзүп берди.



Мындан сырткары, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантиндик чаралар киргизилген күндөн тартып, өзүнүн командасы менен Кадамжай, Ноокат райондорунун ооруканаларына гуманитардык жардамдарды уюштурду. Ишкер айымдын көмөгү менен аталган ооруканаларга атайын костюмдар, медициналык беткаптар, колкаптар, дезинфекциялык каражаттар, ошондой эле аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө тамак аш азыктары толтурулган баштыктар жеткирилип берилди. Аталган райондордун ооруканаларын эки реанимобил менен камсыз кылып берди.


Ал эми София-Адинай Мырзаеваны эч кандай пафос сөздөрсүз эле баатыр кыз десек жаңылбайбыз. Ал мекендештерине жардам берүү үчүн иштеп аткан жумушун таштап, медициналык билими жок болсо да өзүнүн ден-соолугун, өмүрүн тобокелдикке салып ыктыярчылардын катарында иштеди. Ал өзү айткандай, ыктыярчылардын катарында иштөө жеңил болгон жок. Пандемиялык абал курчуп турган маалда башка ыктыярчылар менен бирге суткасына 11 чакырууга барышып, адамдардын өлүмдөрүн көрүүгө туура келген. Ошого карабай ондогон адам өмүрлөрүн сактоого мүмкүн болгон. Тез жардам унаасы келгиче дем алдыруучу концентраторлордун жардамы менен оор абалдагы жарандардын дем алуусуна көмөк көрсөтүп турушкан учурлар кѳп болду.



Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев да бул оор күндөрү четте карап турган жок. Өзүнүн ден-соолуктарын  тобокелдикке салуу менен илдетке каршы күрөшүп жаткан медиктерге  ысык тамактарды уюштурду. 40 орундуу обсервацияны ачып, ага квалификациялуу дарыгерлерди, медайымдарды тартып, алардын маяналарын өзү төлөп берип турду. Стационарды бардык керектүү каражаттар, дары дармектер, гигиеналык каражаттар менен камсыз кылды.


Бул  Пархат Тулендыбаевдин биринчи кайрымдуулук иши эмес. Ал көп жылдардан бери кайрымдуулык кылып келет. Бирок саясатчы өзүнүн кылган соопчулук иштерин жарыялаганды жаман көрөт. Бирок пандемия маалында  жардамга муктаждар каякка кайрылууну билишсе, маалыматтары болсо деп, өзүнүн көрсөтүп жаткан жардамдарын элге ачык айтып, маалыматтарды жеткирип  жатты. Ошондой эле ал өзүнүн кылган иштерин көрсөтүү менен башка колунда барларды да жардам кылууга мотивациялагысы келгенин маалымат каражаттарына берген маектеринде айтты. Саясатчынын ишениминде, биз вирусту жеңе алабыз, ал үчүн  бизге тартип, жоопкерчилик жана биримдик керек.



Кыргыз элинин  башына оор күн түшкөндө жардам колун сунуп, элин унутпагандардын бири -  Бактыбек Турусбеков болду. Ал Чолпон-Ата шаарына 4 концентратор, Түп району менен Ак-Суу районуна бирден концентратор алып берди. Ошондой эле  10 дем алдыруучу концентраторду коргонуучу костюмдар менен Ысык-Көл районуна тапшырды. Аз күн мурда болсо эл өкүлү Ысык-Көл районуна кошумча 1 млн. сомдук жардамын көрсөтүп кайтты. Ал Кашат, Темировка, Григорьевка, Ананьево, Семеневка, Кожояр, Жаркынбаев, Өрүктү, Бостери, Булан Соготу айылдарына концентраторлорду, дары дармектерди, медициналык багыттагы ар кандай каражаттарды өз колу менен тапшырды. Ошондой эле анын  Ысык-Көл облусунун жашоочуларына берген  тамак аш азыктары түрүндөгү гуманитардык жардамдарын да  айтпай кетүүгө болбойт.




Коронавирус эпидемиясынан улам киргизилген карантиндик чектөөлөрдөн улам миңдеген адамдар жумушсуз калышканын билебиз. Баарынан майыптарга, көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жашоосуна күнүмдүк каражаттарды иштеп тапкандарга кыйын болду. Ошол күндөрү шаардык кеңештин депутаты  Куванычбек Конгантиев  Бишкек шаарынын Ленин районундагы жашоочуларга өзүнүн даректүү жардамдарын көрсөттү.




Ушундай оор күндөрү кайдыгер эмес жарандар жана меценаттар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдардын орду чынында  чоң болду. Кайрымдуулукту бизнесмендер, саясатчылар, меценаттар эле кылышкан жок, өздөрүнүн жардамдарын карапайым адамдар да берип жатышты,  кыргыз эли оор күндөрү бир муштумдай бириге алышарын, жалпы элибизин  башына түшкѳн апаатка кайдыгер карап тура албастыгын көрсөтүшүп, мекендештеринен  колдорунан келген колдоолорун, жардамдарын аяшкан жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн