Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

“Замандаш” партиясы чет мамлекеттен келе албай калган мекендештерге жардам берүүгө даяр

21.03.2020 16:47
917
“Замандаш” партиясы чет мамлекеттен келе албай калган мекендештерге жардам берүүгө даяр


“Замандаш” партиясы чет өлкөдөн келе албай калган мекендештерге жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу партиянын лидер Жеңиш Молдокматов билдирүү жасады.


Анын айтуусуна караганда, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан жарандар көп, ал эми “Замандаш” саясий партиясы оор абалда калган кыргызстандыктардын үнүн тийиштүү органдарга жеткирүүго даяр экенин билдирди.


Аны менен бирге Жеңиш Молдокматов саясий партияларды коопту  учурда четте карап турбай, биридикте иштөөгө чакырды.


"Урматтуу саясий партиянын лидерлери. Ар бир партиянын тарапташтар, мүчөлөрү, шайлоочулары жана эли бар. Ар бирөөнүн өмүрү биз үчүн маанилүү жана бийик болушу керек. Ар бирөөнүн өмүрү үчүн биз да жоопкерчиликтүү экенибизди эсибизден чыгарбайлы. Андыктан партия мүчөлөрүн, тарапташтарын, шайлоочуларды тартипке чакыруу биздин да жоопкерчилигибиз. Ушуга байланыштуу саясий партия лидерлери жана партияларды оор кырдалда биргеликте иш кылганга чакырабыз", - деген билдирүүсүндө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн