Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 19:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Замир кары Ракиев дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду ээлеген карыны куттуктады

28.02.2023 15:26
291
Замир кары Ракиев дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду ээлеген карыны куттуктады



Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Иран Ислам Республикасында өткөрүлгөн дүйнөлүк Куран жарышта 2-орунду багындырган Мухаммадяр кары Курбанбековду кабыл алды.



Карыга калпак кийгизип, ийгилиги менен куттуктаган Азирети Муфтий бул жеңиш эгемен Кыргыз тарыхында маанилүү окуя экенин белгиледи:"Кыргызстан эгемендикти алгандан бери карылык жаатында ислам ааламында өзүн татыктуу көрсөтүп келет. Буга чейин Зияуддин кары Атабаев, Абдулла кары Акпарали уулу, Мухамадали кары Умаров сыяктуу мекендештерибиз дүйнөлүк деңгээлге чыгып, өлкө туусун бийиктиктерде желбиретип келсе, эми сиздин фамилия да алардын катарына кошулду", – деп билдирди Азирети Муфтий.


Ал эми Мухаммадяр кары атайын убакыт бөлүп кабыл алган Замир кары Ракиевге ыраазычылык билдирип, КМДБнын ишине ийгилик каалады.


Белгилей кетсек, 18-февралдан 22-фералга чейин Тегеран шаарында дүйнөлүк Куран жарышы өтүп, анда кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду камсыздаган. Куран конкурстун жыйынтыктоо аземине Иран президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышып, жеңүүчүлөргө байгелерди өзү тапшырган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн