Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Зиядин Жамалдинов Беларусь элчиси менен өнөр жай жана айыл чарба кызматташтыгын талкуулады

28.09.2021 14:28
420
Зиядин Жамалдинов Беларусь элчиси менен өнөр жай жана айыл чарба кызматташтыгын талкуулады

Зиядин Жамалдинов Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Сергеевич Страчкону кабыл алды. Жолугушууда айыл чарба, өнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. Зиядин Жамалдинов Ош облусунда айыл чарба багытында бир катар жумуштар аткарылып жатканын айтып, мөмө-жемиш, пахта жана койдун жүнүн экспортоого мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Ал эми Беларусь республикасынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Сергеевич Страчко Кыргызстанга Беларусиядан электр жабдыктарын, лифт жана Айыл чарба техникалары импорттолуп жатканына токтолду. Ошондой эле Кыргызстандык абитуриенттер Беларусь республикасындагы жогорку окуу жайларында окуусуна мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Жолугушуунун соңунда Беларусия менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык, өнөр жай ишканалары жана айыл чарба багытында жаңы долбоорлор менен иштөө мындан ары да уланаары айтылды.


Мындан сырткары, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кувейт өлкөсүнүн элчиси менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн